Мунай иштеткен заводдор жабдууларды импорттоодо КНСтен бошотулду

Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү заводдор, ошондой эле химиялык жана мунай химиялык өндүрүш ишканалары жабдууларды импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада чийки мунайды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок.

 

КНСтен бошотуу заводдорго кошумча салык жүгү жок керектүү жабдууларды алууга мүмкүндүк берери белгиленди.