Кыргызстанда эмдөө маселелери боюнча ишеним телефондору иштеп баштады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, В гепатитине, адамдын папиллома вирусуна жана covid-19га каршы вакцина тууралуу маалымат берүүчү чалуу борбору күн сайын эртең мененки саат 8ден, кечки 6га чейин иштейт.
Максаты – аталган ооруларды алдын алуу боюнча элге туура маалымат жеткирүү.