Жогорку Кеңешке Ленин райондук округ боюнча депутаттыкка талапкерлер 30-апрелге чейин шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек

Жогорку Кеңешке Ленин райондук округ боюнча депутаттыкка талапкерлер 30-апрелге чейин шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек. БШКдан 24 агенттигине билдиришкендей, сумма 100 миң сомду түзөт.

 

Эгер талапкер күрөөнү өз убагында төкпөсө, ал жарыштан четтетилет.

 

Эгер шайлоого катышкан талапкер 5 пайыздан кем эмес добуш чогулта алса, ага күрөө акысы кайтарылат. Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди жылдыруу 27-апрелде жыйынтыкталат. Шайлоонун өзү 28-майда өтөт.