Ишкерлерди тейлөө боюнча борборлор Кыргызстандын бардык аймактарында ачылат

Ишкерлерди тейлөө боюнча борборлор Кыргызстандын бардык аймактарында ачылат. Аларда ошондой эле стартаптар, бизнес-долбоорлор каралып, мыктылары тандап алынып, авторлорго юридикалык колдоо көрсөтүлөт.

 

Андан тышкары, жаш ишкерлерге каржылык сабаттуулук боюнча окутуулар өткөрүлүп, жакшы долбоорлорго каржылоо дагы каралат. Мындай борборлордо бизнес-программалар иштетилип, аларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү барларга сунушталат.