“Алтын тамга” тестирлөөсүнүн жыйынтыгы 28-апрелге чейин белгилүү болот

“Алтын тамга” тестирлөөсүнүн жыйынтыгы 28-апрелге чейин белгилүү болот. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Тестти ийгиликтүү тапшырган окуучулар мамлекеттик экзамендерден бошотулат. Ошондой эле аларда жогорку окуу жайлардагы гранттык орундарга өтүүдө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Эске салсак, “Алтын тамга” тестирлөөсү бүгүн өтөт. Ага… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Өргө конушунда тез жардам станциясынын курулушу аягына чыгарылат

Бишкектин Ак-Өргө конушунда тез жардам станциясынын курулушу аягына чыгарылат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды.   Тендерди мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Бул максатта 14 миллион 676 миң сом бөлүнөт. Белгилеп кетсек, амбулатория жана тез жардам станциясынын курулушу 2019-жылы эле башталган, бирок пандемия… Кененирээк…

Кыргызстандын президенти Москвадагы Жеңиш парадына катышат

9-майдын алдында Россияга расмий сапары менен келе турган Кыргызстандын президенти Жеңиш парадына калууну чечти. Бул тууралуу РИА Новости Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип жазды. «Быйыл атайын чакыруулар болгон жок, бул мааракелик дата эмес. Быйыл Жапаров мырза майрам алдында расмий сапары менен келет. Ал парадга… Кененирээк…

Шотландияда арал сатыкка чыгарылды

Шотландияда арал сатыкка чыгарылды. Анын баасы  — 190 миң доллар. Аралда үйлөр жана башка объектилер жок, бирок пляж жана көлмөсү бар. Аны сатып ала турган адам өз алдынча жергиликтүү бийликке кайрылып, курулушка уруксат алышы керек болот.   Белгилеп кетүүчү нерсе – жакынкы шаар аралдан 10… Кененирээк…

Бишкек мэриясы коомдук транспорт үчүн канат жолчосун курууну пландап жатат

Бишкек мэриясы коомдук транспорт үчүн канат жолчосун курууну пландап жатат. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин метронун курулушу боюнча маселе талкууланган, бирок ал өтө оор жана кымбат долбоор болуп чыкты.   Учурда альтернативалык вариант катары, канат жолчосу менен абада жүрүүчү коомдук… Кененирээк…

29-апрелде Кыргызстанда иш күнү болот

29-апрелде Кыргызстанда иш күнү болот.   Келе жаткан ишембиде кыргызстандыктар 20-марттагы кошумча дем алыш үчүн жумушка чыгат. Кошумчалап кетсек, алдыда узак эс алуулар күтүп турат. 5-майдан 9-майга чейин өлкөдө эс алуу жарыяланды.   8-майдагы иш күнү 13-майга жылдырылды. Ошондой эле, 1-май, дүйшөмбү дагы дем алыш… Кененирээк…

Мектептерде, бала бакчаларда жана жогорку окуу жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Мектептерде, бала бакчаларда жана жогорку окуу жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Тиешелүү буйрукту Билим берүү министрлиги чыгарды. Документте бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери аткара турган талаптар жазылган.   Алсак, чукул кырдаалдар учурундагы планды иштеп чыгуу, имараттардын кире беришиндеги көзөмөлдү күчөтүү жана чукул кырдаалдарда кабарлоо системасын жана… Кененирээк…

Жогорку Кеңешке шайлоо өтө турган округдан талапкерликке 24 жаран арыз берди

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер болуу үчүн арыз тапшыргандар 24-апрелге карата 24кө жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдиргендей, талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз бергендер арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр… Кененирээк…

Меккеге барчулар менингитке жана сасык тумоого каршы эмделет

Ажылык сапарга бара турган кыргызстандыктар эмдөөдөн өтүшү керек. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, зыяратчылар 26-апрелден 8-майга чейин менингитке жана сасык тумоого каршы вакциналарды алышы керек.   Андан тышкары, коронавируска каршы эмдөөнүн сертификаты дагы талап кылынат. Эске салсак, быйыл ажылык сапар июнда башталат. Сауд Арабия Кыргызстанга 6… Кененирээк…