Кыргызстанда жыл башынан бери баа 3,2 пайызга жогорулады

Кыргызстанда жыл башынан бери баа 3,2 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына караганда, учурда айрым азык-түлүк товарларына баанын өсүшүнүн басаңдашы байкалууда. Инфляциянын бир калыпта төмөндөшүнө акча-кредит саясатынын мурда кабыл алынган чаралары өбөлгө түзүүдө.   Жалпысынан Кыргызстанда инфляциялык фон… Кененирээк…

Кыргызстандыктар бизнеске 16% менен насыя ала алышат

Чакан жана орто бизнес менен алектенүүнү каалаган кыргызстандыктар жылдык 16 пайыздык үстөк менен насыя ала алышат.   Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, акчаны Ишкердикти өнүктүрүү фонду берет. Анын уставдык капиталы бүгүнкү күндө 600 миллион сомду түзөт.   Белгилеп кетсек, насыя берүүдө дыйканчылык жана айыл чарба продукциясын… Кененирээк…

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, КР министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Настаев Александр Иванович ээлеген кызматынан бошотулду.

Кыргызстанда чет элдик валютанын дефицити жок

Кыргызстанда чет элдик валютанын дефицити жок. Бул тууралуу Улуттук банктын бөлүм башчысы Эмиль Сарыажиев билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн валюта рыногунда абал туруктуу.   Учурда рубль курсунун серпилүүсүн алдын алуу боюнча атайын механизмдер көрүлүп жатат. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси банк секторундагы бузууларды жоюуга багытталган текшерүүлөрдү жүргүзүүдө,… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды

Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечими 25-апрелде күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов 25-апрелде Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.   Анын айтымында, инфляциянын көрсөткүчү өткөн жылдын декабрында 14,7%, 14-апрелде 10,5%… Кененирээк…

Британиялык Сэм Хаммонд Лондон марафонун 26 килограммдык муздаткычты көтөрүп алып чуркап өттү

Британиялык Сэм Хаммонд Лондон марафонун 26 килограммдык муздаткычты көтөрүп алып чуркап өттү. Муну менен ал дүйнөлүк рекорд орнотту. 30 жаштагы атлет тиричилик техникасы менен аралыкты чуркап өтүү боюнча буга чейинки жетишкендиктен 1 саат ашып өттү.   Эркек мойнуна алгандай, оор буюм менен чуркоо кыйынга турду,… Кененирээк…

Кеминде өлкөдөгү биринчи Rest Point туристтик борбору ачылды

Кеминде өлкөдөгү биринчи Rest Point туристтик борбору ачылды. Бул тууралуу туроператорлор ассоциациясынын башчысы Сергей Глуховеров билдирди. Анын айтымында, борбор Ысык-Көлгө бараткан жолдо, Боом капчыгайына жетпей жайгашкан.   Мындай Rest Point түйүндөрү өлкөнүн бардык аймактарында ачылат. Алардын жалпы санын 60ка жеткирүү пландалууда.   Мындай борборлордо туристтер… Кененирээк…

Бишкектин Садыгалиев көчөсү 28-апрелден тарта бир тараптуу болот

Бишкектин Садыгалиев көчөсү 28-апрелден тарта бир тараптуу болот. Кеп анын Волкова көчөсүнөн Дэн Сяопинге чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат, — дешти муниципалитеттен.   Бул участокто кыймыл бир гана түштүк тарапка уюштурулат.   Мындай чечим унаалардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана авариялардын санын кыскартуу… Кененирээк…

Баткен районунун 13 айылында үч күн бою электр энергиясы өчүрүлөт

Баткен районунун 13 айылында үч күн бою электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Баткен электр тармактары” ишканасы билдирди.  Маалыматка ылайык, мындай чара CASA-1000 долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы линияны тартууда коопсуздукту сактоо үчүн жасалууда.   Андан улам, 25-26-27-апрелде эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы… Кененирээк…

Бишкек күнүндө – 29-апрелде фонтандар сезону ачылат

Бишкек күнүндө – 29-апрелде фонтандар сезону ачылат. Мэрия маалыматына ылайык, суу оргумалардагы алдын алуу жана калыбына келтирүү иштери аяктады. Шаар балансындагы 17 фонтан ишке даяр.   Белгилеп кетсек, фонтандардын сезону салттуу түрдө 1-октябрга чейин  уланат.