Оштогу борбордук стадионду капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды

Оштогу борбордук стадионду капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.

 

Долбоорго ылайык, стадиондо 12 миң 500 көрүүчүгө ылайыкташкан отургучтардын баары толугу менен алмаштырылып, административдик имаратынын сырты жаңыланат. Ал эми футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана душ бөлмөлөрү толук оңдолот.

 

Бүгүнкү күндө жеринде курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. Ишти Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү пландалууда.