Бишкекте жаңы курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугу текшериле баштады

Бишкекте жаңы курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугу текшериле баштады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык жумушчу комиссия Бишкектин түштүк бөлүгүндө жайгашкан курулуш объектилерине текшерүү жүргүздү. Анын алкагында шаар куруу жана архитектура мыйзамдарынын сакталышы, уруксат берүүчү документтер, курулуш нормалары жана эрежелер, ошондой эле объекттерде бетондун бекемдиги текшерилди.

 

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы үч айлык мөөнөттө чыгарылат.