“Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышындагы рейд башталды

Кыргызстандын аймагында “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышындагы рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, иш-чара 31-майга чейин уланат. Анын алкагында коомдук тарнспорттор катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу, ылдамдыкты ашырып айдоого жол бербөө, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаалардын техникалык абалын текшерүү боюнча жумуштар аткарылат.

Андан сырткары, «Акыркы коңгуроо» учурунда мектеп бүтүрүүчүлөрүн эс алуучу жайларга, жаратылышка алып барбоо боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.