Бишкектин Манас проспектиси көрктөндүрүлөт

Бишкектин Манас проспектиси көрктөндүрүлөт. Буга байланыштуу тапшырманы калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын жетекчилерине бергенин мэриядан билдиришти.

 

Ага ылайык, бардык жарнамалар эрежеге жана жобого ылайыкташтырылып, проспектидеги тосмолордун абалына көңүл бурулат. Мындан тышкары, Манас проспектисинин боюндагы бардык кире бериш топтор жана тепкичтер иретке келтирилүүгө тийиш.