Таластагы «Кичи-Капка» чек ара бекетин ачуу сунашталды

Таластагы «Кичи-Капка» чек ара бекетин ачуу сунашталды. Тиешелүү демилге парламенттин жыйынында көтөрүлдү. Айрым депутаттар мунун себебин кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны азайбай жатканы менен түшүндүрдү.

 

Таластын Манас районундагы «Кичи-Капка» чек ара бекетин ачууда Казакстан тараптын бардык инфраструктурасы даяр экени, Кыргызстанга бажы бекетин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык келтирүү талабы коюлганы буга чейин кабарланган.

 

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар.