Бишкектен Чеченстанга аба каттамдардын саны көбөйтүлөт.
Интерфакс жазгандай, 15-июндан тарта россиялык авиакомпания эки шаар ортосунда багыт ачып жатат. “Манас” аба майданынан “Северный” аэропортуна чейин рейстер жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү аткарылат.
Эске салсак, учурда Бишкек – Грозный каттамы менен бир эле кыргызстандык компания учууларды аптасына бир ирет, шаршемби күндөрү уюштуруп келет.