Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгү түнгө чейин жабык болот

Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгү түнгө чейин жабык болот. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси унаа кыймылына чектелет.

 

Аянт аркылуу өткөн коомдук транспорт бүгүн Тыныстанов, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрү менен жүрөт. Белгилеп кетсек, Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата Ала-Тоо аянтында Биринчи балалык фестивалы өтөт.