Алай районунун тургундары акысыз медициналык кароодон өтүшүүдө

Алай районунун тургундары акысыз медициналык кароодон өтүшүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мындай иштер алыскы аймактардын тургундарына жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү демилгесинин алкагында жүрүп жатат.

 

Диагностикалык көчмө комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган. Анда анализ жүргүзүү үчүн лаборатория, КТ, маммограф, УЗИ аппараты, рентген, кичи операциялар үчүн атайын бөлмө жана башка аппараттар бар. Мобилдик клиниканын курамында калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде тез жардам унаасы да кирет.