Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи авиакаттам келди. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Бишкектен түз учса болот.
Каттам жумасына төрт жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Ал эми август айынан тарта Бишкектен Анкарага самолет күн сайын учат. Учуу убактысы 4 саат 30 мүнөттү түзөт.