Ичүүчү суунун тартыштыгынан Бишкекте мончолор жабылууда

Ичүүчү суунун тартыштыгынан Бишкекте 15 мончо жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жабылган жайлар сууну сарамжалсыз пайдаланганы рейддин жүрүшүндө аныкталган.

 

Бишкекте күн ысыгандан бери айрым райондун тургундары суу чыкпай жатканына арызданышууда. Шаар бийлиги да соңку жылдары, өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында курчуп кеткенин билдирди.

 

Бир кишиге суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин башкача айтканда 241 пайызга көбөйгөн, — деп айтылат маалыматта.