Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу жок болот

Эртең, 6-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 22:00гө чейин ЧЧК — Аул көчөсү — Элебесов көчөсү — Каражыгач токою менен чектешкен аймакта, анын ичинде Керамика, Чалбай, Кайынды, Суворов конуштарында ичүүчү суу токтотулат.

Мунун себеби Арал тилкесиндеги (Каражыгач токою) суу өткөргүчтөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

 

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.