Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1 миң 100 МВт болгон 6 гидроэлектрстанция куруу пландалууда

Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1 миң 100 МВт болгон 6 гидроэлектрстанция куруу пландалууда. Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоор Кытай менен биргелешип ишке ашат. Ага ылайык, электр кубатына тартыштык азайып, керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоо жакшырат деп күтүлүүдө.

 

Эске салсак, Садыр Жапаров 17-майда Кытайга сапар менен барган. Анын алкагында аталган мамлекет жашыл экономика багытында Кыргызстанда стратегиялык объектилерди жана ГЭСтерди курууга кызыкканы айтылган.