Нарын облусунда жаңы мектеп пайда болот. Тендерди Мамлекеттик курулуш агенттиги алдындагы курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады.
Билим берүү мекемеси 150 окуучуга чакталып, Жылан-Арык айылында жайгашат. Долбоорду ишке ашырууга 110 миллион сом багытталат.