Кыргызстандын дагы 7 популярдуу туристтик багытында маалымат такталары пайда болду.
Ыңгайлуу навигация саякатчыларга биринчи кезекте туура багыт көрсөтүү үчүн керектелет. 7 багыт ар кандай даярдыктагы туристтерге ылайыкталган.
Алар аймактарда жайгашкан – Жалал-Абад облусундагы Чычкан капчыгайында, Чүйдөгү Борулу көлүнө барчу жолдо, Ысык-Көлдөгү Кырчын, Ак-Суу капчыгайларында. Белгилеп кетсек, Туризмди өнүктүрүү фонду буга чейин 20 туристтик багытка атайын маркировкалоо киргизген.