Швейцария, Германия өкмөттөрү жана Евробирикменин түзүмү Кыргызстанга дээрлик 10 миллион евро тапшырат

Швейцария, Германия өкмөттөрү жана Евробирикменин түзүмү Кыргызстанга дээрлик 10 миллион евро тапшырат. Каражат “жашыл экономиканы”  өнүктүрүүгө багытталат.

 

Акча кайтарымсыз негизде берилип, программа 3 жылга эсептелет. Анын алкагында ар кандай тармактарда кичи жана орто бизнести колдоо каралат, басым энергетика тармагына берилет.

 

Белгилеп кетсек, жыл башынан бери Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанда ири долбоорлорду 41 миллион еврого каржылады.