Кыргызстанда инфекциялык оорулар күч алууда

Кыргызстанда инфекциялык оорулар күч алууда.

 

Республикалык инфекциялык ооруканага кайрылгандар да, жаткырылгандар да көбөйүп жатканын “Азаттыкка” оорукананын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди.

 

Анын айтымында, бейтаптардын көбү ашказан-ичеги органдарынын энтеровирустук инфекциясы менен кайрылгандар. Күнүнө дарыгерлердин жардамына кайрылгандардын саны 300дөн ашууда. Көбү жаш балдар. Инфекцияга кабылбаш үчүн жеке гигиенаны сактап, мөмө-жемиштерди жууп жеш керек, ал эми коон-дарбыздарды азырынча жебей туруу сунушталат, — дешет адистер.