Мектептерде 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Мектептерде 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул этапта жашаган дарегине карабай  26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.

 

Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлүп, 1-класска 81 миң 396 бала кабыл алынды. Белгилеп кетсек, электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу жүргүзүлөт.