Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

 

Белгилеп кетсек, Асман шаарын чет элдик инверсторлор салат деп пландалууда. Калаада 700 миңге чейин адам жашап, анын жалпы  аянты 4 миң гектарды түзөт деп айтылып келет.