Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 09:08де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Сузак районунун Таралча, Канжыга айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.