Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эң жогорку балл 236 болсо, эң төмөнкү көрсөткүч 29 баллды түздү

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эң жогорку балл 236 болсо, эң төмөнкү көрсөткүч 29 баллды түздү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

 

Ал эми жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн босого упай 110 баллды түзөт. Белгилеп кетсек, ЖРТнын алтын сертификаттарына өлкө аймагында 57 бүтүрүүчү ээ болду. Алар каалаган жогорку окуу жайда акысыз билим ала алат.