Жалал-Абадда эки көп кабаттуу имарат мыйзамсыз курулганы аныкталды

Жалал-Абадда эки көп кабаттуу имарат мыйзамсыз курулганы аныкталды. Архитекторлорго карата кылмыш иши козголду, — деп билдиришти Генералдык прокуратурадан.

 

Белгилүү болгондой, жеке жер тилкесинде мамлекеттик экспертизанын тыянагы жок эле өз билемдикке салып, 9 кабаттуу турак-жай жана 3 кабаттуу соода борбору курулган. Бул факты боюнча териштирүү жүрүүдө.