Жогорку Кеңешти тейлөөгө мамлекеттик бюджеттен 570 миллион сом багытталды. Январь айынан июнга чейинки маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.
Ведомстводон белгилешкендей, каражаттын басымдуу бөлүгү – 400 миллион, айлык катары которулган. Чыгымдар тизмесинде ошондой эле Соцфондго которуулар, кызматтык сапарлар, байланыш кызматтары, унааларды тейлөө жана башкалар бар. 12,5 миллион сом өзүнчө парламент төрагасынын резервдик фондуна которулду.