Стивен Джеррард сауд арабиялык “Аль-Иттифак” клубуна өттү

“Ливерпулдун” легендарлуу жарым коргоочусу Стивен Джеррард сауд арабиялык “Аль-Иттифак” клубуна өттү. Алгач машыктыруучу клубдун биринчи сунушун четке каккан болчу, бирок ага кайра экинчи пайдалуу келишим жөнөтүлгөн.

 

Айрым маалыматтар боюнча, команда жетекчилиги курамга жылдыздуу оюнчуларды кошо турганын убадалады.

 

Эске салсак, Джеррард “Ливерпулда” 17 жыл ойноп, клуб менен биргеликте Чемпиондор лигасын жана башка көптөгөн наамдарды багындырган.