Ошто таштанды чыгаруу боюнча тарифтер кымбаттады. Шаардык кеңеш кабыл алган токтомго ылайык, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин жашоочулары айына эми 25 сом эмес, 35 сомдон төлөйт.
Ал эми жеке турак-жайлар үчүн тариф 35 сомдун ордуна, 40 сомду түзүп калат. Эске салсак, Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн тарифтер ушул жылдын 1-февралында кымбаттаган болчу.