«Ысык-Көл 2023» эл аралык экономикалык форуму өтөт

Чолпон-Атада «Ысык-Көл 2023» эл аралык экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

 

27-июлдагы иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана башка бир катар өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышат. Анда энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттык сактоо, билим берүү, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш, маалыматтык технологиялар, логистика өңдүү кызматташтык талкууланат.