Кыргызстан менен Монголия алаканы чыңдоо боюнча декларация кабыл алды. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаровдун аталган өлкөдөгү мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду.
Ага ылайык тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий, коопсуздук, тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана туризм өңдүү бир катар тармактарда алака-катышты чыңдоону макулдашты. Жапаровдун 9-июлда башталган мамлекеттик сапары эртең аяктайт.