Кыргызстанда 12-14-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулайт.
Синоптиктердин маалыматына караганда, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41 градуска чейин, Талас облусунда 34…39°ка чейин ысык болушу күтүлөт.
Мындай учурда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө сунушталат.