Ушул жумадан тарта Бишкек жана Баку шаарларын байланыштырган түз аба каттамын ачуу пландалып жатат. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, рейстерди Азербайжандык авиакомпания 15-июлдан тарта аткарып баштайт. Учактар жумасына бир жолу – ишемби күндөрү каттайт.
Белгилеп кетсек, Азербайжан менен Кыргызстан ортосунда аба каттамы биринчи ирет ачылганы турат.