Төө-Ашуудагы туннель 10 саатка чейин жабылат

Ушул жумадан тарта Төө-Ашуудагы туннель 10 саатка чейин жабылат. Унаа жана жолдор министрлигинен кабарлашкандай, мунун себеби оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Тагыраагы, асфальт төшөөнү тездетүү аракетинен улам Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуудагы туннелде машиналардын жүрүшүнө чектөө 10 саатка чейин созулат.

 

Чектөөлөрдүн убактысы боюнча кошумча маалымат берилет.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн.