“Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуу бүгүн жыйынтыкталат

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу бүгүн жыйынтыкталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Документтерди кабыл алуу боюнча талаптар жана эрежелер ведомствонун сайтында жеткиликтүү.

 

Эске салсак, “Эл үмүтү” стипендиясы өткөн жылы негизделген. Ал жаштарга дүйнөнүн эң мыкты делген университеттеринде магистр жана докторантура деңгээлинде билим алууга шарт түзүп берет. Бул үчүн каражат президенттин фондунан бөлүнөт.