Быйыл төрт калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда

Быйыл Ысык-Көл облусунда төрт калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди. Анын айтымында, объекттерди ачуу июль-августка жана жылдын аягына пландалган.

 

“Бул калкты тейлөө борборлорунда тейлөөнүн натыйжалуулугу жогорулайт деп ишенебиз. 1-июндан тарта калкты тейлөө борборлору жаңы график менен 8:00дөн 20:00гө чейин иштеп жатат. Кызматкерлер 3 нөөмөттө иш алып барууда. Муну менен жарандарды тейлөө жеңилдеди», — деди министрдин орун басары.