Кыргызстанда шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу сунушталды

Кыргызстанда шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

 

Демилге соңку жылдары добуш берүүчүлөрдүн саны азайып баратканы менен байланыштуу экени белгиленди.

 

Мындай тажрыйба Европанын бир катар өлкөлөрүндө, Түркияда да колдонулуп жатканы айтылып, Кыргызстанда олуттуу себеби жок туруп шайлоого барбай койгон адамга 5 миң сом айып салуу демилгеленди.