Синоптиктер чукул билдирүү таратты

Синоптиктер чукул билдирүү таратты.

 

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда күн дагы катуу ысыйт. Алсак, 17-19-июль күндөрү абанын күндүзгү табы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

 

Адистер мындай учурда зарылчылык болбосо сыртка чыкпай турууну сунуштайт. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл.