Таласта атайын кийимдерди чыгарган тигүү фабрикасы ачылат

Таластын Кара-Ой айылында атайын кийимдерди чыгарган тигүү фабрикасы ачылат. Бул тууралуу ишкананы куруу үчүн компаниялардын бири менен 256 миң долларга келишим түзгөн кыргыз-орус өнүктүрүү фонду билдирди.

 

Цех үч айдан кийин ишке кирет деп күтүлүүдө. Анда энергетика тармагынын, тоо-кен, мунай-газ өнөр жайынын жана башка ишканалардын кызматкерлери үчүн атайын кийимдерди чыгарышат.

 

Фабрика жылына 20 миң даана кийим чыгара турганы белгиленди.