Бишкектеги көчөнүн курулушуна шаардык бюджеттен 15 млн сом бөлүндү

Жөө жүргүнчүлөр үчүн гана ылайыкташкан Бишкектеги көчөнүн курулушуна шаардык бюджеттен 15 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу “Экономист” басылмасына шаардык кеңештен билдиришти.

 

Эске салсак, буга чейин биринчи жөө жүрүү зонасы үчүн Медеровдон Абай көчөсүнө чейинки узундугу 500 метрден ашкан Гастелло көчөсү тандалып алынганы белгилүү болгон.