Соцфонд жыл башынан бери 38 миңден ашуун жаранга пенсия чектеди

Кыргызстандын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-июнь айларында 38 миң 774 жаранга пенсия чектеди.

 

Соцфонддун маалыматына караганда, анын ичинде 2023-жылы июнь айында 4 миң 583 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1218 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.