Ысык-Көл-Бишкек жолундагы тыгында эреже бузган 353 айдоочуга айып пул салынды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жекшембиде Ысык-Көл-Бишкек жолунда машиналардын каттамы кескин көбөйүп, ылдамдык жана каршы тилкеге чыккан эреже бузуулар катталганын билдирди.

 

Жалпы айып пул салынган 353 айдоочунун жетиси каршы тилкеге чыккан, калганы ылдамдык эрежесин сактаган эмес.

ЖКККБ Ысык-Көл-Бишкек жолунда эрежени так сактоого чакырат.

 

16-июлда социалдык тармактарда Ысык-Көлдөн Бишкекке кайткан автоунаалардын көптүгүнөн узун тыгындардын видео, сүрөттөрү тарады. Анда айрым айдоочулар каршы тилке менен баратканын көрүүгө болот.