Кыргызстандын эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптер аталды

Кыргызстандын эмгек рыногунда дарыгер, уста жана китепканачы кесиби өзгөчө суроо-талапка ээ. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарыялады.

 

Ведомствонун мониторингине ылайык, ушул жылдын жазында облустардагы эмгек рынокторунда тигүүчү, айдоочу, бухгалтер жана электр газ ширетүүчү адистер көбүрөөк талап кылынган.