Европадагы аномалдуу ысык аба-ырайы зоопарктардын менюсуна өзгөртүү киргизүүдө

Европадагы аномалдуу ысык аба-ырайы зоопарктардын менюсуна өзгөртүү киргизүүдө.

 

Алсак, Мадридде жаныбарларга балмуздак берилди. Таттууну аюлар, кызыл пандалар, пингвиндер жана тюлендер жешти. Муну менен жаныбарларга мээ кайнаткан ысыкта жардам беришүүдө.

 

Испанияда аба табы 40 градустан ашып жатат. Экстремалдуу сезондо зоопарктын жашоочуларына көлөкө уюштурулуп, бассейндер ачылууда.