Кыргызстанда тонировкага уруксат алуунун баасы арзандашы мүмкүн

Кыргызстанда тонировкага уруксат алуунун баасы арзандашы мүмкүн. Ички иштер министрлиги унаанын айнегин караңгылатуунун баасын убактылуу төмөндөтүүнү сунуштаган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

 

Бул каалоочулардын аз болуп жатканына байланыштуу, — дешет ведомстводон. Документке ылайык, жеке айдоочуларга 80 миң сом эмес 50 миң сом, физикалык жактарга 100 миңдин ордуна 70 миң сом жана чет элдиктерге 120 миң сомдун ордуна 90 миң сом деп орнотуу сунушталууда.

 

Министрликтен кошумчалашкандай, жыл башынан бери машиненин айнегин караңгылатуу үчүн 1 миң 794 айдоочу кайрылып, казынага 144,5 миллион сом түшкөн.