Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Ага президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык, орус тил расмий бойдон калууда. Мыйзам Кыргызстандын жарандарына жана республикада жашаган чет элдиктерге тиешелүү.

 

Анда кыргыз тилинин колдонулушунун жана тил саясатын мамлекеттик деңгээлде жүргүзүүнүн укуктук негиздери белгиленген.

 

Ошондой эле анда кыргыз тилин билүүгө жана өз ишинде колдонууга милдеттүү адамдардын тизмеси көрсөтүлгөн. Ага мамлекеттик, муниципалдык кызмат орундарын ээлегендер, ошондой эле жеке мекемелердин кызматкерлери кирет.