Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-июлда болжол менен саат 21:52де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

 

Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.