Кыргызстандын банктары жарым жылда 12 млрд сом пайда тапты

Кыргызстандын коммерциялык банктары 2023-жылдын биринчи жарымында 12 млрд 33,6 млн сом таза пайда тапты. Бул тууралуу Улуттук банк алгачкы алты айдын жыйынтыгын чыгаргандан кийин маалымдады.

 

Банктар 2021-жылдын алты айында 1 млрд 737 млн сом пайда тапса, 2022-жылдын алгачкы жарымында 8 млрд 644 млн пайда көргөн. Мурдагы жылы 12 айдагы жалпы пайданын суммасы 3,5 млрд сом болсо, былтыр 12 айда алар 23,1 млрд сом пайда чыгарышкан.