Санарип кодекси коомдук талкууга коюлду

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Санарип кодексинин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

 

Долбоордо Кыргызстандагы санарип башкаруу жана бул тармакка тиешелүү ченемдик-укуктук актылар жаңыланууга муктаж экени, жаңы чакырыктарды тескегенге тиешелүү ченемдер кабыл алынышы керектиги жазылган.

 

Анда электрондук кат жүгүртүү, маалыматты коргоо, маалыматтык технологияларды, жасалма интеллектти колдонуу боюнча да мыйзамдар жок экени айтылган. Санарип кодексинин кабыл алынышы менен бул тармакты тейлөөнүн жалпы стандарты пайда болору жазылган.

 

Долбоордо виртуалдык активдер боюнча берене жана майнерлердин реестрин түзүү, электрондук соода боюнча дагы жаңы беренелер бар.

Санарип кодекси өлкөдөгү санариптик тармактын бирдиктүү документи болот жана анын ишке кириши менен электрондук башкаруу, кол тамга, жарандарды биометрикалык каттоо, жекече мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө жана санарип башкарууга тиешеси бар 30дай мыйзам жана андагы айрым беренелер күчүн жоготот.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мындай кодекс Борбор Азияда биринчи жолу даярдалып жатканын 14-мартта Бишкекте өткөн «Санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кеңештин ролу” деп аталган форумда билдирген. Бул кодекс мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелердин ишин жакшыртууга, кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатууга шарт түзөрүн айткан.

Акыркы беш-алты жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараянын ишке ашырууга аракет кылып келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыяланган.

Былтыр президент Садыр Жапаров 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчёт бербеген министрлер кызматтан алынарын эскерткен.